Жаңылыктар
С.Жапаров менен В.Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жапаров менен В.Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди

Билим күнүндө дагы үч мектептин курулушу башталды. Эл аралык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринин пайдубалын түптөөгө Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин уруксат берди. 

Орусия өкмөтүнүн эсебинен каржылана турган мектептерде келечек ээлери эки өлкөнүн билим берүү системасынын негизинде окушат. Имараттын курулушун 2025-жылга аяктоо пландалууда.