Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги "Кара-Багыш" өткөрмө бекети 10 жылдан кийин кайра ачылды
Чек ара
 Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги "Кара-Багыш" өткөрмө бекети 10 жылдан кийин кайра ачылды

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги "Кара-Багыш" өткөрмө бекети 10 жылдан кийин кайра ачылды. Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан бекеттин ачылуу аземине эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

Аталган бекеттин кайра ишке кириши менен Анжиян облусунун Мархамат жана Ош облусунун Араван райондорунун жашоочуларынын карым-катнашы кайрадан жанданат. Атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барчу жай эки өлкөнүн башчыларынын буга чейинки жолугушууларынын негизинде ишке ашты.