Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Кара-Суу районундагы асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Кара-Суу районундагы асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагында “Салих Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышты. 

Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекетке ушул сыяктуу өндүрүштөр керек экенин жана Мамлекет башчысынын ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы бергенин билдирди. Белгилей кетсек, завод толук кандуу жумушка киришкенде 100гө жакын жаран туруктуу жумуш менен камсыз болот, мамлекетке 100 млн сомго жакын салык түшөт.