Жаңылыктар
Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандарга кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандарга кылмыш иши козголду

Ошто көк бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жарандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-августта Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында көк-бөрү оюну учурунда коомдук тартипти бузган жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайлап бузуп, бейбаштык жасаган 39 жаран кармалып келген, анын ичинен 27 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин Майда бейбаштык беренеси боюнча протоколдор түзүлдү. Ал эми 5 жаранга Бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ноокат, Араван, Өзгөн жана Алай райондорунун тургундары кармалышып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда. Аталган окуя боюнча башталган тергөө иштери ар тараптуу жана кылдат текшерип юридикалык баа берип, чекит коюу үчүн толук кандуу маалыматтар талап кылынат. "Ошондуктан окуяга күбө болгон жарандардан бейбаштык жасаган жарандар боюнча так маалыматтар жана видеотасма же сүрөттөр болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы менен бөлүшүүнү суранабыз" деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты ур-токмокко алган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңжалда жети адам жараат алган жана алардын бири ооруканага жаткырылган.

"Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин "Ынтымак" 2:1 эсебинде жеңип алган. Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев чырды иликтөө башталганын, күнөөлүүлөр жазаланарын эскерткен.