Жаңылыктар
Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүндө аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүндө аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды

Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүндө аскердик мүлктү уурдоо фактылары аныкталды. Бул туурасында атайын кызмат кабарлады. 

"Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында уурулукка катышкан аскер кызматкерлери аныкталып, аларга карата кылмыш иши козголду. Учурда материалдар сот органдарына жөнөтүлдү" - деп айтылат маалыматта.