Жаңылыктар
Эл акыны Абылкасымова 80 жашка чыкты
Маданият
Эл акыны Абылкасымова 80 жашка чыкты

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова 80 жашка чыкты. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатын кутман курагы менен калемдештери, жазуучулар келип куттукташты. 

Ошондой эле өз өмүрүн поэзияга арнаган чыгармачыл инсанга өлкө башчысы дагы каалоо-тилектерин жолдошту. 

Кыргыз Республикасынын эл акыны бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси. 

Алсак Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын жана Бүткүл союздук Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты. 

Андан сырткары Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына жана “Манас” ордени татыктуу болгон.

Мирбек Сакенов, "Биринчи радио"