Жаңылыктар
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт
Саясат
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт

Ага 1 ай убакыт бар. Референдумга Президенттин , Өкмөттүн, депутаттардын, соттордун  ыйгарым укуктарына,  адам укуктары  жана эркиндиктерине байланыштуу Баш Мыйзамга  киргизилип жаткан 26 өзгөртүү  чыгарылат. 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары:

Азыркысында, депутат ишмердүүлүгүн мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен бирге алып бара албайт деп белгиленген. 

Эми депутат  премьер-министр  же вице-премьер-министр  болуп  туруп,  мандатын  сактап кала алат.  Ошентип,  72-беренеге  кошумча пункт киргизилип  жатат. Анда,  Жогорку Кеңештин депутаты Премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүндүгү белгиленген.   

Премьер-министрдин   ыйгарым  укуктары:

Азыркыда, министрлерди  премьер-министрдин сунушу менен Президент кызматтан  бошотот.  

Эми премьер-министр УКМК менен коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен   башка  министрлерди   өзу  бошотот. Ага ылайык 87-берененин 5-пунктуна Коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөт мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.  Президент аталган сунуштаманы алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин Өкмөт мүчөсүн өзүнүн чечими менен ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу деп белгиленген.

Эл аралык чечимдер: 

Азыркыда эл аралык келишимдер жергиликтүү соттордун адам укуктары боюнча чечимдеринен жогору турат. 

Ал эми түзөтүүдө Кыргызстан кандай чечим кабыл алышты  өзү билет, эл аралык укук, эл аралык келишимдер  деген норма  жок  деп киргизилүүдө. 6-берененин, 3-пунктунда Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзамдар менен аныкталаары жазылууда.

Жогорку Сттун судьялары:   

Азыркыда  Жогорку  соттун судьясы Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы  боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк  добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда  бошотулат.   

Эми  өзгөртүудө  Судья кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат. Буга байланыштуу  95-пункттун 2-беренесине өзгөртүү киргизилип жатат.

Үй-бүлө:

Азыркыда  нике  курагына жеткен адам  үй-бүлө курууга  укуктуу.

Эми Үй-бүлө мыйзамында белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат  деп  36-берененин  5-пунктуна тузөтүу сунушталууда.

Жарандуулук:

Учурдагыда  эч ким  жарандыктан ажыратылбайт.

Эмкиде  айрым бир учурларда мамлекет жарандыктан ажыратат, 50-берененин 2-пунктунда  бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес деген түзөтүү киргизилүүдө.

Башкы Прокурор:

Азыркыда Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес добушу менен кызматтан бошотот. 

Эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет, ошол эле учурда сунушту Президент берет, бул 74-берененин  4-пунктунда белгиленген.

Кылмыштын эскирүу мөөнөтү:

Азыркыда эскирүү мөөнөтү, кылмыштын деңгээлине жараша, кылмыш кодексинде белгиленген. 

Эми 26-берененин, 7-пунктуна  жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт деген тузөтүү киргизилип жатат.

Жергиликтүу соттордун судьялары:

Азыркыда жергиликтүү соттор соторду тандоо кеңеши тарабынан алмаштырылат.

95-беренин, 6-пунктунда Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат деп белгиленген.