Жаңылыктар
ИИМ социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан жаранды кармады

Ички иштер министрлиги социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан 27 жаштагы жаранды кармады. Ведомствонун маалыматына караганда, 2-сентябрда интернет желесинде белгисиз жарандын массалык маалымат каражаттарына регион аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айтып видеокайрылуу жасаган видеосу тараган. Аталган факты «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Козголгон иштин алкагында шектүү Бишкектен кармалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлиги мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн эскертет.