Жаңылыктар
Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт

17-21-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрлик белгилегендей, кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат. 

Иш-чаранын программасында эл аралык кино сынагы, улуттук кино сынагы, атайын көрсөтүүлөр, кинодолбоорлор питчинги өтөт. Фестивалдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.