Жаңылыктар
ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

Министрлик кырсык катталган учурда “112” номерине чалуу керектигин эскертет. Байланыш акысыз жана чалууларды күнү-түнү кабыл алат.