Жаңылыктар
УКМК: Блогер А.Жумагулованын кармалышы тууралуу
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Блогер А.Жумагулованын кармалышы тууралуу

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын интернет-блогер А.Джумагулова талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Джумагулова 60000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.