Жаңылыктар
Кызамык жуктурган балдар көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кызамык жуктурган балдар көбөйүүдө

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызамык менен ооруган 52 бейтап дарыланууда. Алардын арасында бир жашка чыга элек ымыркайлар жана кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр дагы бар. 

Саламаттык сактоо министрлиги кайрылгандар көп болгондуктан, ооруканада кошумча бөлүм дагы ачылганын билдирди. Кайрылган бейтаптар оор абалда келүүдө. Эгерде бейтаптын абалы оор болсо, бейтапканага жаткырылууда, жеңил түрү болсо, дарыгерлер кеңеш беришет.