Жаңылыктар
Түштүк Корея Бишкек шаардык мэрияга кайтарымсыз негизде техникалык жабдуу жана унаа берет
Кыргызстан жаңылыктары
Түштүк Корея Бишкек шаардык мэрияга кайтарымсыз негизде техникалык жабдуу жана унаа берет

Түштүк Корея Бишкек шаардык мэрияга кайтарымсыз негизде техникалык жабдуу жана унаа берет. Муну шарттаган меморандумга кол коюлду. Документке мэр Эмилбек Абдыкадыров жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ кол койду. 

Аталган гранттык долбоордун максаты - мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу. Документке кол коюу иш-чарасында тараптар шаарлар ортосундагы кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулашты.