Жаңылыктар
ЖКнын 30 пайызын аялдар түзүшү керекпи?
Саясат
ЖКнын 30 пайызын аялдар түзүшү керекпи?

Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын 30 пайызын аялдар түзүүгө тийиш. 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндөгү мыйзамга дал ушундай өзгөртүү киргизүү сунушталууда.  

Демилгечилер, азыркы учурда  70тен ашык айылдык кеңеште  бир дагы депутат жок экендигин жүйө келтирүүдө. 

Маселе коомчулукта көтөрүлгөндөн бери 11 миңдей аял, парламентти, аталган мыйзам долбоорун колдоп берүүсүн суранууда. 

Ошол эле учурда, бул норманы киргизүүнүн кажети жок экендигин айткан эл өкүлдөрү  да четтен чыгып жатат.   


Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"