Бишкекте коомдук транспорт үчүн деп чийилген атайын тилкелерден айдаган башка унаалардын айдоочулары айыпка жыгылат. Жол эрежесин бузуу катары эсептелип, 1000 сом жазылат. Учурда мындай тилке Түштү магистралда 12-кичи райондон Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки аралыкта. Бул жарандарды бир жерден экинчи жерге баруусуна тыгынсыз, убагында жеткирүү үчүн жасалып жатат.