Жаңылыктар
Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди

Бишкекте жаңы окуу жылына карата №18 мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлеп, 225 орунга ылайыкталган. Билим берүү мекемесинин кошумча имаратын курууга каражат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн.

Имараттын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Мамкурулуштун директорунун орун басары Иманакун уулу Талант, Бишкек мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Максатбек Сазыкулов, Биринчи май районунун башчысынын орун басары Чынгыз Байсов, тургундар жана окуучулар катышты.

Коноктор мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы корпустун ачылышы менен куттукташты.

Катышуучулар үчүн чакан концерттик программа уюштурулуп, салт боюнча биринчи коңгуроо кагылды. Андан кийин окуу класстары, кабинеттери боюнча экскурсия болду.

Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2019-жылы башталган.