Жаңылыктар
Ошто ысырапкорчулукту тескөөгө алган комиссия иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто ысырапкорчулукту тескөөгө алган комиссия иштей баштады

Ош облусундагы Мамажан айылында жамандык-жакшылыктарда ысырапкорчулукка жол бербей турган атайын комиссия иштей баштады. Айылдагы атайын топ ыксыз чыгымдарга жол бербеш үчүн катуу белсенди. Азыр мисалы үйлөнүү үлпөтүн өткөргөн жаштар каз-катар тизилген кымбат унаалардын ордуна кичи автобустарды колдоно баштады. 

Эки кичи автобус жана бир жеңил унаа. Кара-Суу районунун Мамажан айылындагы жаш жубайлардын үлпөт тою мындан ары мына ушундай көрүнүштө болот. Аталган айылдын активистери той-топурдагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында, мындан үч жыл мурда ушундай демилгени көтөрүп чыккан. Демилге жергиликтүүлөрдүн колдоосуна ээ болгон. 

Кабыл алынган чечимди көзөмөлгө алуу максатында айылда атайын комиссия да түзүлгөн. Курамында аксакалдар, айыл башчылар жана энелер бар бул көзөмөлдөөчү топ, коом арасына түшүндүрүү ишин да жүргүзүп келет.



Чыгымды азайтып, каражатты максаттуу пайдаланган бардыгынан маанилүү. Маселен, Айтибай Абдыразаков уулунун үйлөнүү тоюнан үнөмдөлгөн акчаны жаш үй-бүлөгө арнап салып жаткан турак-үйдүн курулушуна жумшаарын айтат. Бул акча - лимузиндин кичи автобуска, 5-6дан кем эмес кымбат баалуу унаалардын бир эле жөнөкөй жеңил унаага алмашканынан улам келип чыккан.

Ыксыз чыгымдар маркумду акыркы сапарга узатуу расмисинде да көп кезигет. Ушул эле айылдын жашоочусу Маматшарип Баймуратов, өткөн жылда бир тууганын эскерүүгө кеткен чыгымдарды ошол айылдагы жарактан чыгып калган ички жолду ремонттоого сарптаган.

Бирок той-топур менен аш тойлордо ысырапкорлук, төгүп-чачуу тыйылбай келет. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда жамандык-жакшылык өткөргөндөрдүн саны бир жылда жарым миллионго жакындап, чыгымдын суммасы эки миллиард АКШ долларына чейин жетээри айтылып келет.