Жаңылыктар
Нарында төлөмдөрдү жыйноо санариптештирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында төлөмдөрдү жыйноо санариптештирилет

Нарын облусунун айылдарында төлөмдөрдү жыйноо кызматы санариптештирилет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов төлөмдөрдү чогултуу боюнча алдыда чоң милдеттер турганын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге ыкчам аракеттерди көрүү тапшырмасын берди. Айыл өкмөттөрүндөгү санариптик тутум бир жуманын ичинде ишке кирери күтүлүүдө. 

Белгиленгендей, тутум ишке кирсе уюлдук телефондон эле мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Санарип тутумда ким төлөмдү убагында төлөгөнү же кимдин карызы бар экени тууралуу жана башка толук маалыматтар болот.