Жаңылыктар
"Манас" үчилтиги кара сөз түрүндө
Кыргызстан жаңылыктары
 "Манас" үчилтиги кара сөз түрүндө

"Манас" үчилтигинин кезектеги кара сөз түрүндөгү жазылган беш томдук китеп миң нускада жарык көрдү. Анда Манастын төрөлүшүнөн башталып, Семетей, Сейтек менен жыйынтыкталат. Автору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максүтов. 

Ал эпостун көркөмдүүлүгү, окуялардын бири бирине улануусу, таасирдүүлүгүн сактаганга аракет кылганын айтат. Китеп манасчылар Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаковдун вариантынан жазылган.