Жаңылыктар
Дин мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирүүдөбү?
Дин
Дин мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирүүдөбү?

Кыргызстанда диний баш аламандык союздун тарашынын алды, тактап айтканда 90-жылдары башталган. Өлкө көз карандысыздыгын алгандан кийин  ошол кездеги мамлекет башчынын диний жаатта туура эмес саясат жүргүзүү пайдубалы түптөлө баштаган көрүнүштүн өнүгүшүнө жол ачып, бүгүнкү күндө диндин радикалдашып баруусуна алып келди. 

Мамлекеттин кийлигишүүсүнөн  сыртта калган дин мамлекеттин коопсуздугуна шек келтиришип баштады дешет адистер. Мындай билдирүүлөр, жума соңунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  түзүлгөңдүгүнүн  20 жылдыгын  белгилеген илимий конференциянын жүрүшүндө  айтылды. 

Жыйында мындан сырткары, 2014-жылдын февраль айында  өлкө башчы кол койгон “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” жарлыкта белгиленген иш мерчемдеринин аткарылышы тууралуу дагы маалыматтар айтылды.  

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"