Жаңылыктар
Учкун мамлекеттик басмаканасы Улуттук паспортторду басып чыгаруу 100% даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Учкун мамлекеттик басмаканасы Улуттук паспортторду басып чыгаруу 100% даяр

Учкун мамлекеттик басмаканасы Улуттук паспортторду басып чыгаруу үчүн 100 пайыз даярдыкта турат. Тиешелүү жабдыктар Германиядан алып келинип, орнотулган. Жетекчиликтин айтымында, чет элдик “Мюльбауэр” компаниясы чыгарган улуттук документтердин саны ноябрь айына чейин жетет. 

Андан соң Кыргызстан улуттук паспортторун өзү басып чыгарып, жарандарды камсыз кала баштайт. Белгилей кетсек, бул боюнча мамлекет жетекчисинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, анда паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кеткенин жана бул күрөштүн башында Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзү турганын билдирген. Тиешелүү документтер көп баскычтуу коргоо системасы менен жабдылып, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болот.