Жаңылыктар
Дарыларды мыйзамсыз сатуу токтотулат
Ден соолук
Дарыларды мыйзамсыз сатуу токтотулат

Ош базарындагы дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу токтотулат. 

Кыргызстанда мыйзамсыз дары-дармектерди киргизген фармацевтикалык компаниялар ири суммадагы айып пул салуу төлөтүү демилгесин фармацевтикалык союзу сунуш кылууда. 

Өлкөгө контрабанда жолу менен келген дарылар  өлкөнүн ири базарларында сатылат. 

Мыйзамга ылайык  медициналык препараттар дарыканаларда гана болуусу шарт.   

Ошондой эле  Кыргызстандын фармацевтикалык союзунун өкүлдөрү мыйзамсыз дары-дармектерди киргизүү менен алектенген фармкомпанияларга ири суммада айып пул төлөтүү сунуш берүүдө. Ошондой эле калк арасында дары-дармектерди колдон  сатып албоо  тууралуу маалыматтык саясат жүргүзүлүшү керек.  Дарылар туура эмес шартта сакталгандыктан дарылоочу касиетин жоготуп, адамды майып кылуусу толук мүмкүн дешет  адистер .

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"