Нарын районунун социалдык объектилери дагы толукталды. Курулушу дээрлик 8 жыл мурун башталып, бүтпөй келген "Таберик - Эмгек-Талаа" балдар бакчасынын имараты калк кызматында. Буга чейин Эмгек-Талаа айылында бала бакчанын имараты жок болгондуктан, тарбиячылар менчик үйлөрдө жана мектептин авариялык абалдагы корпусунда айласыздан иштеп келишкен.