Жаңылыктар
1 миллион китеп басып чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
1 миллион китеп басып чыгарылат

Жаңы жылга чейин 1 миллион даана окуу китеби басып чыгарылып, мектептерге таратылат. Учурда Мамлекеттик “Учкун” басмаканасы 150 миң китеп даярдап Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүүдө. Экинчи траншта 500 миң даана китеп даярдоо пландалган. Тиешелүү мекемелердин атайын мерчемине ылайык, жакынкы 2-3 жылда китеп таңсыктыгы толук жоюлат.