Жаңылыктар
ИИМ жасалма документтерди пайдалангандар жазага тартыларын эскертти
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ жасалма документтерди пайдалангандар жазага тартыларын эскертти

Акыркы убакта социалдык тармактарда күч органдарынын күбөлүктөрүн сатуу тууралуу жарнактар көбөйүүдө. Документтерди мыйзамсыз жасагандар, сатып алгандар жана аны пайдалангандар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат, - деп Ички иштер министрлиги эскертет. 

ИИМ даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан аны колдонуу максатында укуктарды берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документти жасалмалоо, башкача айтканда, расмий документке билип туруп анын чыныгы мазмунун бурмалаган жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү же аны сатуу, жасалма мөөрдү же мамлекеттик сыйлыкты даярдоо же аларды саткандар эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын билдирди.