Жаңылыктар
Кыргыз спортчулары Азия оюндарына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз спортчулары Азия оюндарына катышат

23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өткөрүлчү Азия оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 230дан ашык адам барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар. Азия оюндарынын программасына спорттун 42 түрү киргизилген. Кыргызстандык спортчулар 23 түрү боюнча катышат. 

Мелдештер Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында өтүп, 40тан ашык өлкөнүн спортчулары катышат. Эскерте кетсек, буга чейин Индонезияда өткөн Азия оюндарында Кыргызстандан барган улуттук курама команда эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль алган.