Жаңылыктар
Ишкерлерге 4,38 млрд сомго каржылык колдоо көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлерге 4,38 млрд сомго каржылык колдоо көрсөтүлдү

Бул маалыматты Финансы министринин орун басары Руслан Татиков текстиль жана жеңил өнөр жай боюнча “Өнөр жайлык өз ара аракеттенүү-2023” бизнес-форумунда билдирди. Форумга тигүү тармагынын жана мамлекеттик органдардын 100дөн ашуун өкүлү катышты. Иш-чаранын максаты - бизнес климатты жакшыртуу жана инвестицияны стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлер менен натыйжалуу иштешүү. 

Ишкерлер ата мекендик продукцияны экспорттоо жана каржылоо боюнча суроолор менен карылышты. Финансы министринин орун басары Татиков "Чакан жана орто ишканаларды колдоо" долбоорунун алкагында кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. "Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү ишке ашырылууда жана 2027-жылга чейин уланат. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында 7 миңден ашык ишкер жалпысынан 4 миллиард 389 миллион сомдук каржылык жардам алышты", - деди ал.