Жаңылыктар
Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Циндао шаарынан келген делегация менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Циндао шаарынан келген делегация менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Циндао шаарынан келген делегация менен жолугушту. Циндао шаардык комитетинин туруктуу мүчөсү Чжан Синьцжу баштаган топ ордо калаада архитектуралык кооз курулуштар, жашылдандыруу жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. 

Инвесторлор Дэн Сяопин проспектисинин батыш тарабындагы кире бериш жолду жакшыртууга 600 миң юань грант бөлдү. Ошондой эле Кытай тарап шаар куруу, транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана курулуш жаатында тажрыйба алмашууга кызыктар экенин билдирди. Тараптар эки шаар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөштү.