Жаңылыктар
УТРК менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын телерадиостанциясы кызматташат
УТРК жаңылыктары
УТРК менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын телерадиостанциясы кызматташат

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жаатында ар тараптуу кызматташуу ниети менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясына Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын атайын өкүлдөрү келди. Кытай Коммунисттик партиясынын пропаганда бөлүмүнүн жетекчи орун басары Си Яньчунь жана аталган провинциянын телерадиостанциясынын директору Люй Пэн баштаган жоон топ УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев менен жолугушту.


Анда Шаньдун провинциясынын телерадиостанциясы менен УТРКнын ортосунда кызматташтык түзүү маселелери талкууланды. Башкы директор контент алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү, техникалык кызматташууну сунуштады.

Кытайдан келген делегация мүчөлөрү айтылган сунуштарды кабыл алып, аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билдиришти. УТРКнын башкы директору жетектеген курамды Шаньдун провинциясына сапар менен келип, алардын телерадиосунун ишмердүүлүгү менен таанышып кетүүгө чакырышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Шаньдун провинциясынын телерадиостанциясы ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Тараптар алдыда документти ишке ашыруу боюнча аракеттер боло турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун телерадиостанциясы менен 20 жылдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатат. Шаньдун провинциясынын телерадиостанциясы менен болгон мамиледе бул тажрыйба негиз жана көмөкчү болору белгиленди.