Жаңылыктар
УТРК-Хабар: кызматташтык маселеси талкууланды
УТРК жаңылыктары
УТРК-Хабар: кызматташтык маселеси талкууланды

Бүгүн, 4-май, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев Казакстандын “Хабар” агенттигинин башкармалык төрагасынын орун басары Данияр Менилбеков менен жолукту.

Кыргызстанга маданий иш сапарынын алкагында келген Д.Менилбеков УТРК менен кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн башкы директордун кабыл алуусунда болуп, “Хабар” агенттигинин контент алмашууга, биргелешип иштөөгө кызыкдарлыгын билдирди.

Башкы директор Б.Тиллебаев УТРКда болуп жаткан реформалар жана жаңыланууга ташталган кадамдар жөнүндө маалымат берип, ушул тапта Түрк тилдүү мамлекеттердин телерадио компаниялары менен кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруунун алкагында аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

“Биз контент алмашуу багытында баардык сунуштарды эске алабыз. Анткени контент толтуруу кандай кыйын экенин кесипкөй катары сиз да жакшы билесиз. Телекөрүүчүлөр кызыктуу көрсөтүүлөрдү, сериалдарды, аннимициялык фильмдерди күтөт. Өзгөчө казак фильмдерине кызыгуу бар. Буга себеп, биздин элдин тили, менталитети жагынан окшоштугу эмеспи. Андыктан УТРК “Хабар” агенттиги менен кызматташууга даяр” деди Б.Тиллебаев.

Өткөн жылы “Хабар” агенттигинин башкармалыгынын башчысы Берик Уали Кыргызстанга келип, УТРК менен кызматташуу багытында сүйлөшүп кеткен эле. Бул боюнча учкай маалымат берген Д.Менилбеков эми ошол сүйлөшүүлөр багытында контент алмашууну жандантуу керек деген пикирин билдирди.

Тараптар кызматташтык алкагындагы маселелерди талкуулап, ыңгайлуу учур келгенде меморандумга кол коюуну макулдашты. Мындан тышкары УТРКнын кызматкерлери “Хабар” агенттигине барып, тажрыйба алмашып келе турган болду.