Жаңылыктар
Облустук телерадиокомпаниялар УТРК курамында иш алып барат
УТРК жаңылыктары
Облустук телерадиокомпаниялар УТРК курамында иш алып барат

Бүгүн Маданият, маалымат, жаштар жана спорт министрлигинин курамында турган облустук телерадиоберүү компаниялардын жетекчилери менен жолугуштум.

Жакынкы күндөрү облустук телерадиолор УТРКнын курамына толугу менен кошулат. Мындай болгон шартта алыскы аймактардагы ишмердүүлүктү оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү жаралат. Жетекчилер менен жолугуп, алардын маселелерин уктум. Компанияларды корпорациянын карамагына алуу иштерин тездетүү боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды бердим.