Жаңылыктар
Wildberries Кыргызстанда өз ишин убактылуу токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
Wildberries Кыргызстанда өз ишин убактылуу токтотту

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулады.

КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, иштеги кыйынчылыктар казак тараптын айрым документтерди берүү талабынан улам келип чыккан. Компания эки жуманын ичинде маселени чечүү үчүн чараларды көрүп жатат.

"Күн сайын Wildberries 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт, жалпы суммасы 25 миң доллардан ашат жана бул башталышы гана. Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Темир Сариев көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары берилди. Бул варианттардын баары кылдат изилденет.