Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү жаңы салынган ат майданда спорттук иш-чаралар өтө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү жаңы салынган ат майданда спорттук иш-чаралар өтө баштады

Ысык-Көл районундагы жаңы салынган ат майданда спорттук иш-чаралар өтө баштады. Жакында эле конкур, тагыраак айтканда, аттарды ар кандай тоскоолдуктардан секиртүү мелдеши боюнча оюн өттү. Ипподромдун кызматкерлеринин айтымында, жылдын аягына чейин дагы бир нече спорттук иш-чаралар болот. Уникалдуу долбоор болгон ат майданга кандай кам көрүлүүдө? 

Айрымдар Ысык-Көл райоунундагы ат майдандын курулушуна кеткен каражаттын эсеп-кысабын чыгарып, ар кандай айың кептерди айта баштады. Бирок, архитекторлордун айтымында, ипподром өзүн-өзү актайт. Анткени уникалдуулугу менен өзгөчөлөнгөн ат майдан эл аралык стандартка жооп берген сертификатты алды.



Ат майдан этномаданиятты жана ат оюндарын өнүктүрүү борборунун балансына өткөрүлдү. Мындай уникалдуу долбоорду күтө билүү жана кам көрүү чоң жоопкерчиликти талап кылат. Азыр иппдромдо жетекчиликти кошпогондо 20дан ашык адам иштөөдө.

Ат-майдын ичи-тышы мрамор менен сары таш, ал эми сыйлуу меймандарды тосо турган кабат жаңгак жыгачынан жасалган. Мындай көз тайгаланткан кооздукту карай билүү жоопкерчиликтүү милдет. Эми мындан дагы көрктүү болчудай. Анткени имараттын ичине көчмөндөр цивилизациясын чагылдыра турган музей уюштурулмай болду.

Мындан тышкары ат чуркоочу аянтка кам көрүлүүдө. Анткени андагы кварц кумуна аралашкан материал Франциядан алып келинди. Аны караганга атайын техника бөлүнүп, адистер окутуудан өттү. Алгач техниканын жардамы менен тырмалат, андан кийин суу чачылат. Болбосо, кумдун курамындагы кебезге окшош материал учуп кетиши ыктымал. Бул процесс күнүнө бери дегенде 3 ирет жасалат.

Талап боюнча, ат чуркоочу аянтта таштанды болбош керек. Ал тургай тамекинин калдыгы да. Булар кумдун сапатын бузуп жиберет. Мына ушундай эл аралык стандарттагы ат чуркоочу аянтка жылкы баккандар атын машыктыра баштады. Албетте, бекер эмес.

Ат чуркаган аянттын чети да эл аралык талап боюнча корулду. Стандартка ылайык, тайказандар дагы көчмө болду. Булар мурдагыдай дөңгөлөк менен топурактан эмес, жумшак материалдан жасалды.