Жаңылыктар
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык артууда
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык артууда

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык артууда. Өзгөчө Шаньдун провинциясы менен соода-экономикалык, инвестициялык багытты көздөгөн бир катар максаттар бар. Эки өлкө ортосунда корпоративдик кызматташтык боюнча конференция болду. Иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытайдын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь Унун катышуусунда өттү.

Кыргызстан менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын ортосундагы корпоративдик кызматташуу боюнча конференцияны ачып жатып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Кыргызстандын ири соода өнөктөшү экенин белгиледи. Өлкөнүн жалпы тышкы соодасынын 30%дан ашыгын аталган коңшу өлкө түзөөрүн айтып, Кытайдын ишщканаларын бир катар тармактарга тартууга кызыктар экенин билдирди.