Жаңылыктар
Тоо арасындагы элге электр жарыгы тартылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо арасындагы элге электр жарыгы тартылууда

Айыл түптөлгөндөн бери жарыгы жок жашап келаткан Жумгалдын Кең-Суу айылына электр зымдары тартылууда. Район борборунан 50 чакырымдай алыс жайгашкан тоо койнундагы айылга электр тогун жеткирүү боюнча мамлекет башчы өзү тапшырма берген. 

Айыл эли жарыгы жок жашоого көнүп бүтүшкөн. Чоңунан кичинесине чейин отун, суусун камдап, тамак ашын отко бышырып, муздаткычка салынуучу азыктар болсо жайкысын айыл ортосунан агып өткөн арыктагы сууда сакталат. Ансыз да кышкыга деп көң, отунду арбын кылып алдын ала камдап алган Кең-Суулуктар жарык жашоонун баркын жакшы билип калышты.

Айыл аксакалы Жайчыбек аганын айтымында Кең-Суу кыштагы 1917-жылдары пайда болгон. Жаратылышы кооз, жашыл аймакты жайкысын жайыт катары, кышкысын тегерегиндеги курчаган тоолор суук ызгаардан тосуп тургандыктан мал жанга ылымта болот деп тандалып алынган. Негизги жолдон обочодо болсо да, ата-бабалар отурукташкан жерди ушул күнгө чейин таштап, көчүп кеткен бир да тургун болгон жок.