Жаңылыктар
Электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланыңыз!
Кыргызстан жаңылыктары
Электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланыңыз!

Электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланып, аны үнөмдөө ар бир жарандын колунан келет. Энергетика тармагындагы адистер кышка жакын үйлөрдү жылуулап, мүмкүнчүлүк болсо көгүлтүр от менен жылытууга өтүүнү белгилешүүдө. 

Бул кеңсе толугу менен кадимки тутумдан келген электр кубатынан көз карандысыз. Орнотулган атайын жабдыктар күн нурунан 7 квт”га чукул электр кубаттуулугун иштеп чыгарат. Маселен жылуулук насосу кышында жылытса, жайында салкындатат.

Учурда дүйнө жүзү электр энергиясын, тиешелүү ресурстарды үнөмдөө менен алек. Бул жаатта глобалдык программалар иштеп, жарандарды жоопкерчиликтүү болууга үндөөдө. Себеби климат өзгөрүп өзгөчө суу таңсыктыгы таасын байкала баштады. Энергетикасы дээрлик сууга көз каранды болгон өлкөлөр электр кубаттуулугун иштеп чыгуунун альтернативдүү жолдорун караштырып, жок дегенде кышка жакын жашаган турак-жайын жылуулашы зарыл. Мындай кадам менен 50 пайызга чейин үнөмдөө мүмкүн.