Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарды кыргыздын баа жеткис көркөм дөөлөтү, көөнөргүс ыйык мурасы, дил кайрыгы болгон Комуз күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Ар бир улут, ар бир эл өзүнө таандык маданият жана рух дүйнөсү аркылуу өзгөчөлөнөт эмеспи. Кыргыз кыргыз болгондон тарта үч кылдуу керемет комузу менен элибиздин арзуу-арманын, кайгы-кубанычын күүгө салып, урпактарга мурас калтырып келет.
Тарыхый булактарда кыргыз комузу үч миң жыл мурун эле чертилгендиги тууралуу фактылар анын эң байыркы музыкалык аспаптардан экендигин далилдеп турат.
Элдин баскан жолун, тарыхын баяндап, жеке арзуу-сүйүүсүн зор күүгө салган комузчу, күүчүлөр – калктын нагыз руханий байлыгын алып жүрүүчүлөрү.
Илгертен уламыш болуп Чынгышбай, Абак, Байкабыл, Серкебай, Тайтеке, Арстанбек, Тилен, Кудайберген, Жолбун, Кыдыр аке деген комузчулардын ысымы айтылган болсо, Токтогул Сатылганов, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Ниязаалы Борошев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов сыяктуу залкарларыбыздын күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасынын комузда чертилип ырдалган чыгармаларынын мыкты үлгүлөрү болуп саналат.
Түшүнгөнгө комуз күүсүнүн мукам үнү тээ байыркы ата-бабаларыбыздын турмуш жолун, жашоо көчүн көз алдыңа элестетип, дил уюткубуздун түпкүрүн сездирет.
Илгери комуз үнү ар бир кыргыздын боз үйүндө жаңырып турса, ал эми жыйырманчы жылдары ал чоң концерттик сахналарда шаңшый баштады. Самара Токтакунова, Болуш Мадазимов, Нурак Абдрахманов, Намазбек Уралиев сындуу комузчуларыбыздын жаратмандыгы жана чеберчилиги, Насыр Давлесов, Асанкан Жумакматов, Чалагыз Исабаевдей залкарлардын аракетинин арты менен комуз оркестрге түшүрүлүп дүйнө жүзүнө таралды.
Быйылкы 9-сентябрь - Комуз күнү “күү атасы” саналган Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине дал келип турат.
Кыргыз аспаптык музыкасынын шедевр чыгармаларынын ээси, залкар комузчу, теңдешсиз күүчү Карамолдо Орозовдун “Ибарат”, “Жаш Кербез”, “Кара өзгөй”, “Көкөй кести”, “Насыйкат”, “Сынган бугу” ж.б. керемет күүлөрү стилдик өзгөчөлүгү, композициялык түзүлүшү, көркөмдүк формасы жагынан башка чеберлердин чыгармаларынан айырмаланган, кыргыздын кан-жанына сиңген чыгармалар.
Жалпы кыргыз элин, маданият жана искусство ишмерлерин, комузчу-күүчүлөрдү дагы бир жолу улуттун үнү, кайрыгы болгон Комуз майрамы менен куттуктаймын. Кыргыз барда кыргыз кайрыктары түбөлүк жаңырып, муундан муунга өтүп, улуу журттун рух дүйнөсүн ааламга жар салып, уул-кыздарыбыз доордон-доорго, кылымдан-кылымга үч кыл комузда кол ойното берерине терең ишенем.
Майрамыңыздар менен!”.