Бишкек шаарынын тургундарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 миллион сомду түзөт. Натыйжада абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин эмгек акылары кечиктирилип, атайын техникаларды өз убагында оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет.