Жаңылыктар
КР - КНР: Кызматташтыкты тереңдетүү
Кыргызстан жаңылыктары
КР - КНР: Кызматташтыкты тереңдетүү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэни кабыл алды. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, үстүбүздөгү жыл эки өлкө үчүн “бардык пландар боюнча жемиштүү болду” деп белгилешти. Акылбек Жапаров Кытай көп жылдардан бери Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири болуп келген жана болуп кала берерин айтты. Тараптар инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. Бул багытта Министлер Кабинетинин Төрагасы өлкө президенти чет элдик инвесторлорду коргоо маселесине жеке көңүл буруп жатканын белгилеп, Кыргызстанда либералдуу мыйзамдар бар экенин жана салыктын ставкалары төмөн экенин кошумчалады. 

Ошондой эле Кыргызтандын аймагында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай билим берүү мекемелерин түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Өз кезегинде Чжао Идэ идеяларды, анын ичинде бул жолугушуунун жүрүшүндө айтылган сунуштарды иш жүзүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдирди жана экономика, соода, инфраструктура, транспорт, энергетика, инвестиция, айыл чарба, туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Чжао Идэ ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө күч-аракеттерди жумшоо ниетин кошумчалады.