Жаңылыктар
Кыргызстанга рак оорусуна чалдыккан балдарга диагноз коюучу аппарат алынып келинди
Спорт
 Кыргызстанга рак оорусуна чалдыккан балдарга диагноз коюучу аппарат алынып келинди

Кыргызстанга биринчи жолу рак оорусуна чалдыккан балдарга диагноз коюучу аппарат алынып келинди.

Буга чейин кыргызстандык ата-энелер балдары ооруп калса Москва же Алмата шаарына алып барышчу. Ал жакта бир жолу диагноз коюш үчүн 25 миң сом туруп, буга кошумча барып-келүү чыгымдары да бир топ сумманы түзчү. 

Аппарат абдан кымбат болгондуктан, ал Кыргызстандагы кайрымдуулук фонддордун жардамы жана аппарат чыгаруучу компаниялардын аракети менен алынып келинген. 

Атайын окутулган адистер бир жыл бою Бишкек жана Ош шаарларында бекер диагноз коюшат. Статистикага таянсак Кыргызстанда жыл сайын 16 жашка чейинки 200 бала рак оорусуна чалдыгат.