Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1255 кыска номери боюнча call-борбору иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордук шайлоо комиссиясынын 1255 кыска номери боюнча call-борбору иштеп жатат

2023-жылдын 10-сентябрьда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты шайланат.

Сall -борбордун ишеним телефонунун иши шайлоо алдындагы үгүт маселелери боюнча жарандарды маалымат менен камсыз кылууга жана кеңеш берүүгө багытталган.

Сall -борбордун операторлору шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоого катышуунун тартиби тууралуу суроолоруна жооп берүүгө даяр.

Сall -борборго уюлдук телефондордон жана стационардык номерлерден 1255 кыска номуру боюнча бардык чалуулар АКЫСЫЗ.

Коомдук кабылдама – 0(312) 660240

Шайлоо участокторунун дарегин төмөнкүдөй да билүүгө болот:

- 1255 же 119 телефондору аркылуу;

- 119 номерине PIN - паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз);

- https://tizme.gov.kg/ сайтынан

Колл-борбордун иштөө убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин тыныгуусуз.