Жаңылыктар
Шайлоо-2023: Саат 10:00гө карата 2 миңден ашуун шайлоочу добуш берди
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо-2023: Саат 10:00гө карата 2 миңден ашуун шайлоочу добуш берди

Шайлоо башталгандан берки, эки саатта 2 миңден ашык жаран катышты. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат берди. 

Ошондой эле БШКда иштеп жаткан ыкчам топтун мүчөсү, ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Маликов келип түшкөн арыз-даттануулар боюнча айтып өттү. Учурда ыкчам борборго 8 кайрылуу келип түшсө, анын төртөө добуш сатып алуу боюнча катталды. Дагы эки кайрылуу боюнча ИИМне маалымат катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шайлоо өнөктүгүн мыйзамдуу өткөрүүнү көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам топ иш алып барууда.