Жаңылыктар
Кореялык офтальмологдор кыргызстандыктарга акысыз операция жасайт
Кыргызстан жаңылыктары
 Кореялык офтальмологдор кыргызстандыктарга акысыз операция жасайт

Кореялык офтальмологдор кыргызстандыктарга акысыз операция жасайт. Көзгө операция жасоо 24-сентябрдан 2-октябрга чейин созулат. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Мамытова "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Кореянын дарыгерлери буга чейин үч жыл катары менен келип, көз оорусу менен жабыркаган кыргызстандыктарга жүздөй операция жасап кеткен. 

"Бирок коронавирустан улам алар үч жылдан бери келе албай жаткан. Эл аралык кызматташтыгыбыз кайрадан жанданып жатат, ал жемиштүү болуп көпкө уланат деген ишенимдебиз", — деди Мамытова. 

Эске салсак, Бишкекте 12-26-сентябрда кытайлык офтальмологдор элдин көзүн катаракта илдети боюнча текшерип жана зарыл болсо операция жасайт. Алар Бишкекте 300, Ош калаасында 300 адамдын көзүнө операция жасай тургандыгы айтылган.