Жаңылыктар
ЖК комитети жаңы министрлерге макулдук берүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК комитети жаңы министрлерге макулдук берүүдө

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 11-сентябрдагы жыйынында саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин, ал эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды. Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ага каршы козголгон жети кылмыш иши токтотулганын билдирди. Президент Садыр Жапаровдун 7-августтагы жарлыктары менен өкмөттө бир катар өзгөрүүлөр болгон.

Анда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев иштен алынган. Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган, анын ордуна ага чейин саламаттык сактоо министри болуп турган Гүлнара Баатырова барган. Баатырованын ордуна буга чейин дагы саламаттык сактоо министри болгон Алымкадыр Бейшеналиев барган. Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчилигине дайындалган.