Жаңылыктар
Ленин округу боюнча добуштарды кол менен саноо аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Ленин округу боюнча добуштарды кол менен саноо аяктады

Кол менен саноо автоматтык саноочу урнанын жыйынтыгын бекемдеп, Кубанычбек Самаков добуш бергендердин 26,17% добушуна ээ болгон. 

Бул тууралуу БШКнын порталындагы маалыматтардан көрүүгө болот. Ага ылайык, Русланбек Тагаев 19,01%, Аскар Алмаз уулу 13,05% добуш алышкан. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо кечээ, 10-сентябрда өттү. Анда 20 миң 169 адам добуш берген. Бул аймакта бекитилген тизменин 15, 85 пайызын түзөт.