Жаңылыктар
Аксыда мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Аксыда мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мектептин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мектеп жамааты, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Эскерте кетсек, буга чейин Нурланбек Шакиев 100 окуучуга ылайыкталган аталган жаңы окуу имаратынын курулушу менен таанышып, ишти тездетүү талабын койгон. Имараттын курулушуна 93 млн сом каралган.