Жаңылыктар
Кыштан кыйналбай чыгабызбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыштан кыйналбай чыгабызбы?

Кыргызстан быйылкы жылытуу мезгилинде жалпы 17,4 млрд киловатт/саат электр энергиясын керектейт. Анын 14,2 млрд кВт/саатын Кыргызстан өзү өндүрсө, калганын Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан сатып алат. 

Ошол эле учурда калкка жылытуу мезгилинде 1 млн 247 миң тонна көмүр керектелет. Август айынан баштап Кара-Кече көмүр кени ачылып, ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарынан келген унааларга жүктөлүүдө. Энергетика министрлиги кабарлагандай, көмүр киргизүүгө эч кандай чектөөлөр болбойт. Ал эми кышкысын былтыркыдай эле электр энергиясы өтө көп колдонулган маалда "жөнгө салуу иш-чаралары" жүрүшү мүмкүн.