Жаңылыктар
Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгынын урматына мамлекеттик сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу тапшырылды. 

“Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Ахунбаев менен мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Суеркуловго каза болгондон кийин ыйгарылды. I даражадагы Манас ордени менен Абдыганы Эркебаев, Сабырбек Жумабеков, Садык Шер-Нияз сыйланды. 

Мындан тышкары, өзгөчө сыйга татыгандардын арасында акын, жазуучу Асан Жакшылыков, альпинист Эдуард Кубатов, Гапыр Мадаминов, Меңди Мамазаирова, Султан Раев, Нелли Ахунбаева жана өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн жылына эки ирет, Эгемендүүлүк күнүндө жана жыл жыйынтыкталып жатканда тапшырылат.