Жаңылыктар
Кутнаеванын министр болушуна комитет макулдук берди
Кыргызстан жаңылыктары
Кутнаеванын министр болушуна комитет макулдук берди

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин карап, анын талапкерлигин жактырды.

Нурия Кутнаева 7-сентябрдагы Президенттик жарлыгы менен санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал буга чейин ушул эле министрликтин жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.