Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев: Түрмө - пансионат эмес!
Кыргызстан жаңылыктары
 Камчыбек Ташиев: Түрмө - пансионат эмес!

Мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын бардыгына жазасын мыйзам чегинде колуна бериш керек. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында аталган комитеттин райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда айтты. Ташиев мурда Кыргызстанды эч бир жетекчи ойлобой, кланга бөлүнүп, өз ара чатакташып келген деген пикирин айтып, "мамлекетибизди күчтүү кыла турган убакыт келгендигин" белгилеген.

"Талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбей, бирок тили менен буудай кууругандар, мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын бардыгына жазасын мыйзам чегинде колуна бериш керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар", — деген Ташиев.

Түрмөдө отурган бир катар саясатчылардын абак шартына нааразы болгонуна да комментарийин берген.

"Алардын кээ бирлери "түрмөдө бизди катуу кармап жатышат, катаал шарттары коюп жатат" дешүүдө. Түрмө аларга мамлекеттен менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө деген — түрмө! Ал мыйзам бузгандарды ордуна алып келип тарбиялаш үчүн курулган. Абактын шарттарына макул эмеспи, анда мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин".